Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:29

Ооганстан: шайлоонун жыйынтыгы ноябрда жарыяланат


Ооганстандын Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрайымы Хава Алам Нуристани, Кабул, 19-октябрь 2019-жыл.
Ооганстандын Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрайымы Хава Алам Нуристани, Кабул, 19-октябрь 2019-жыл.

Ооганстанда 28-сентябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялоо мөөнөтү бир нече аптага жылдырылды. Өлкөнүн Көз карандысыз шайлоо комиссиясы жыйынтык 14-ноябрда гана белгилүү болорун билдирди.

Планга ылайык, президенттик жарышта ким утканы 19-октябрда эле белгилүү болушу керек эле. Бирок комиссиянын төрайымы Хава Алам Нуристани "ылдамдык үчүн ачык-айкындуулукту курмандыкка чалбай турганын" 27-октябрда Кабулда журналисттерге айтты.

Бул шайлоодо негизги атаандаштык президент Ашраф Гани менен башкы аткаруучу Абдулла Абдулланын ортосунда болду. Экөө тең шайлоону жеңгенин жарыялап, бири-бирин "добуштарды бурмалады" деп айыптап жатат.

Эгер талапкерлердин бири да 50 пайыздан көп добуш топтой албаса, анда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт.

XS
SM
MD
LG