Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Зулпукаров: аткаминерлер менен ишкерлер көбүрөөк салык төлөшү керек


Төрөбай Зулпукаров.
Төрөбай Зулпукаров.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров 28-октябрда парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде кийинки жылдын бюджети талкууланып жатканда айтты.

- Ашкере байлыкка салык деген бар. Ошону силер (ред: өкмөт) күчөтүшүңөр керек. Мүмкүнчүлүгү бар аткаминерлер менен ишкерлер сөзсүз көбүрөөк салык төлөшү керек. Бирок ал жалпы элге жайылтылбагандай болушу зарыл, - деди Зулпукаров.

Расмий маалымат боюнча, быйыл алгачкы алты айда 38 миллиард 238 миллион сом салык жана төлөм чогултулуп, салык пландалгандан 1,5 миллиард сомго аз жыйналган.

Өкмөт өлкөдө 247 миң салык төлөөчү бар экенин, анын 2145и чоң бизнестегилер, 2323ү орто бизнес экенин жарыялаган. Ал эми 242 миңи кичи бизнес.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев август айында 2145 ири бизнес бюджеттин 78 пайызын толтуруп жатканын, 242 миң өкүлү катталган кичи ишкерлик төлөгөн салык болгону алты пайыз экенин айтып, кичи ишкерликке карата салык саясатын өзгөртүүнү сунуш кылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG