Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Сот Акундун «Апрель» телеканалына койгон доосун кароодон баш тартты


Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун «Апрель» телеканалына жана анын журналисти Канат Каниметовго каршы жазган доо арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Турсунбек Акун билдирди:

- Судья «материалдар толук берилген жок» деп атат. Менин адвокатымда видео, аудио жазуудан баштап бардык материалдар бар. Биз сотко бардыгын алып барып бердик. Бирок Октябрь райондук соту арызды карабай жатат. Ошондуктан биз арызды кайра башка райондук сотко беребиз.

Акун бул окуядан кийин ишти кароодон баш тарткан райондук соттун судьясына каршы Соттор кеңешине арызданарын кошумчалады.

Ал кримтөбөл Азиз Батукаев боюнча «Апрель» телеканалы даярдаган материалга байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, каналды жана анын журналисти Канат Каниметовду быйыл июнь айында сотко берген.

«Апрелдин» материалында Батукаевдин тууганы Хава Хамидованын «Московский комсомолецте» 2014-жылы чыккан маегинин бир бөлүгү пайдаланылган. Анда Батукаевди чыгарыш үчүн Акунга каражат берилгени тууралуу сөз болгон.

Турсунбек Акун «ар-намысыма шек келтирди» деген негизде телеканалдан 500 миң, журналисттен 100 миң сом өндүрүп берүүнү соттон суранган. Ал эми Алмазбек Атамбаев 8-августта камакка алынгандан кийин ага карата доосунан баш тарткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG