Бишкектин Октябрь райондук соту бүгүн, 30-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновго карата өкүм чыгарышы мүмкүн.
Бул тууралуу «Азаттыкка» Илмияновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев билдирди.
- Икрамжан Илмиянов акыркы сөзүн айтат, андан кийин сот өкүм чыгарат. Илмиянов коюлган айыптарды моюнуна алган жок, - деди жактоочу.
23-октябрда болгон соттук отурумда прокурор Илмияновдун күнөөсү толук далилденгенин билдирип, соттон аны 7,5 жылга түрмөгө кесүүнү сураган. Мындан тышкары, кошумча 100 эсептик көрсөткүчтө айып салууну өтүнгөн.
Мунун алдында Илмиянов көрсөтмө берип, ага айыптар жасалма коюлганын, ошондуктан күнөөсүн мойнуна албай турганын айткан.
«Шоопур» деген каймана ат менен элге таанылган, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитет (УКМК) кабарлаган. Илмиянов Бишкекке өзү келгенин айтып келет.
Ага Башкы прокуратура Жазык кодексинин «Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен иш козгоп, «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып койгон.
Кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергеп, материалдарды быйыл июль айында сотко өткөрүп берген. (BTo)