Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

Тажикстанга кетип дайынсыз болуп жаткан тургун боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат


Баткен.
Баткен.

Баткенде бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткан жергиликтүү тургун Тажикстанда кармалып турганы аныкталды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна облустук бийлик кабарлады.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү анын бир тууганы менен чогуу тажик тарапка барып, өзү менен жолугуп, дайынын билип келишти. Жакын арада бошотуу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканы белгилүү болду.

Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Тумшук айылынын 34 жаштагы тургуну Асылбек Каримов 24-октябрда Тажикстандын Чарку айылындагы базарга азык-түлүк сатып алууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Анын жакындары 26-октябрда тажик тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп, маалымат алуу талабы менен Ош-Исфана жолун тосууга аракет кылышкан. (JsA)

XS
SM
MD
LG