Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

Коррупцияга каршы күрөштүн эсеби 31 млн. сомго толукталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура коррупциялык зыяндын ордун толтуруш үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 31 млн. 260 миң сом которду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Муну менен башкы көзөмөл органы ушул эсеп ачылгандан бери которгон каражат 628 млн. 357 миң 432 сомго жетти.

26-августка карата Борбордук казыналыктагы бирдиктүү депозиттик эсепке 1 миллиард 563 млн 429 миң сом топтолгону кабарланган.

Депозиттик эсеп 2018-жылдын июлунда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.

Буга чейин өлкө башчы жемкорлуктан кайтарылган акчанын эсебинен Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда 15 мектеп жана кошумча корпустар куруларын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG