Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:03

Хаменеи: АКШ менен сүйлөшүүдөн майнап чыкпайт


Аятолла Али Хаменеи.
Аятолла Али Хаменеи.

«АКШ менен сүйлөшүүдөн майнап чыкпайт, анткени алар эпке келбеси анык» деди Ирандын рухий көсөмү аятолла Али Хаменеи 3-ноябрда. Ушундан улам ал Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүгө «тыюу салуу керек» деп эсептейт.

Хаменеинин билдирүүсү Тегерандагы АКШ элчилигинин басып алынганына 40 жыл толгон күндүн алдында жасалды.

Ал Кошмо Штаттар ондогон жылдан бери өзгөрүлбөй «агрессивдүү, жаман жүрүм-турумун жана эл аралык диктатурасын улантып жатканын» кошумчалады.

1979-жылы 4-ноябрдагы демонстрацияда ирандыктар Тегерандагы АКШ элчилигине кирип барып, 52 америкалыкты барымтага алышкан. Жаалдангандар бийликтен кулатылган соң чет өлкөлөрдө баш калкалап жүрүп, акыры АКШга дарыланууга барган шах Мохаммед Реза Пехлевини кайтарып берүүнү талап кылышкан.

1980-жылдан тартып АКШ-Иран дипломатиялык мамилеси үзүлүп, Вашингтон Тегеранга каршы санкцияларын күчөткөн.

2015-жылы АКШ баштаган беш өлкө менен мунасага келип, Иран өзөктүк программасын чектөөгө көнгөн. Бул үчүн Батыш Тегеранга салган санкцияларды алмак болгон. 2018-жылы Вашингтондогу жаңы бийлик бул келишимден чыгып кеткен соң эки өлкө ортосундагы чыңалуу кайрадан күчөгөн.

XS
SM
MD
LG