Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:01

Вашингтон Арменияга каржылык жардамын көбөйттү


АКШ менен Армениянын желектери.
АКШ менен Армениянын желектери.

АКШнын Еревандагы элчилиги президент Дональд Трамптын администрациясы Арменияга каржылык жардамды көбөйтүп, анын жалпы суммасы 2019-жылы 60 миллион долларды түзгөнүн билдирди. Элчиликтин 4-ноябрдагы мааалыматында бул былтыркыга караганда, 40 пайызга көп экени айтылат.

Аталган каражат «Армениянын демократиялык өнүгүүсүнө колдоо катары» «коррупцияга каршы күрөш, коопсуздук, энергетика, билим берүү, адам укуктарын коргоо» жаатындагы иштерди жүргүзүүгө берилип жатат.

Армения мурдатан бери Орусия менен тыгыз байланышта болуп келген. Бирок Москвага жакын адам катары саналган өлкө лидери Серж Саргсянды азыркы премьер-министр былтыр тынч көчө жүрүштөрүнөн кийин бийликтен кетирген.

Вашингтон 1992-жылдан бери Арменияга эки миллиард доллардан ашык жардам көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG