Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Ноокенде Курманбек Бакиевдин аты көчөгө коюлду


Интернеттен алынган сүрөт.
Интернеттен алынган сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин аты берилди.

Интернетте Бакиевдин сүрөтү тартылып «Бакиев Курманбек Салиевич атындагы көчө» деген такта жарыяланды. Бул социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылууда.

Рахманжан айылынын башчысы Жакшылык Эгембердиев «Азаттыкка» айылдагы көчөлөрдүн бирине Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылганын ырастап, буларды айтты.

- Ат коюлганына үч-төрт күн болду. Айылдык кеңештин жыйынында мен жок болчумун. Бирок атты койгонго болбойт деп айткам, - деди Эгембердиев.

Ал көчөгө Бакиевдин атын коюну жергиликтүү эл сунуштаганын, социалдык тармактарга тараган такталар көчөгө коюлганын айтты. Бирок көчөгө мурдагы президенттин ысымын ыйгаруу боюнча айылдык кеңештин чечими менен тааныша электигин кошумчалады.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү жана бир туугандары менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.

Жакында эле Чүйдүн Көк-Жар айылындагы көчөлөрдүн бирине мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылганы ачыкка чыгып, ал коомчулуктун сын-пикирин жараткан.

Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG