Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Грэпплинг: Маамытов жана Абдыкерим уулу дүйнө чемпиону болушту


Кылымбек Маамытбеков. Баку, Азербайжан. 9-ноябрь, 2019-ж.
Кылымбек Маамытбеков. Баку, Азербайжан. 9-ноябрь, 2019-ж.

Кыргызстандык спортчулар грэпплинг боюнча окуучулар, уландар жана кыздар (кадеттер), ардагерлер арасында Азербайжандын Баку шаарында өткөн дүйнө чемпионатында жети алтын, үч күмүш жана жети коло байгеге ээ болушту.

Кыргызстандын UWW грэпплинг федерациясынын катчысы Сейтек Толтоевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Биргелешкен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюштурган дүйнө чемпионаты 8-9-ноябрь күндөрү өттү. Кыргызстандан бул мелдешке 29 спортчу барган.
Жаштар арасында грэпплингдин Gi түрүнөн Кылымбек Маамытов жана Элдос Абдыкерим уулу дүйнө чемпиону аталышты.

Кылымбек Маамытов 77 килограммга чейинки салмакта орусиялык жана румыниялык спортчуларды жеңип, 2-жолу дүйнө чемпиону болду. Ал эки жыл мурда уландар (кадеттер) арасында өткөн дүйнө чемпионатында да жеңүүчү болгон. Элдос Абдыкерим уулу айлампа тартибинде өткөн таймаштарда алгач азербайжандык Камил Агазаданы, андан соң казакстандык Ерсейит Жуматаевди жеңип, алтын медаль тагынды.

Кыргызстандык спортчуларга таандык дүйнө чемпионатынын медалдары. 9-ноябрь, 2019-ж. Баку, Азербайжан.
Кыргызстандык спортчуларга таандык дүйнө чемпионатынын медалдары. 9-ноябрь, 2019-ж. Баку, Азербайжан.

Маамытов жана Абдыкерим уулу алган алтын байгеден сырткары кыргыз спортчулары жаштар арасында бир коло, ардагерлер арасында беш алтын, эки күмүш жана бир коло, окуучулар арасында төрт коло жана кадеттер арасында бир күмүш, бир коло байгенин ээси болушту.
Байге ээлери менен толук төмөндөгү тизмеден тааныша аласыз:

No Gi (кимоносуз)

Жаштар (18-19 жаш)
58 кг. Мирлан Аманов (3-орун),

Окуучулар (14-15 жаш)
42 кг. Миррабос Раупов (3-орун),
66 кг. Илгиз Аскарбеков (3-орун),

Ардагерлер

(35-40 жаш)
66 кг. Адилет Иманалиев (2-орун),
71 кг. Урмат Осмонкулов (1-орун),

(41-45 жаш)
62 кг. Марс Калбаев (1-орун),

(46-50 жаш)
66 кг. Эрали Аскарбек уулу (1-орун),

Кыздар (кадеттер, 16-17 жаш),
56 кг. Айдай Орозбекова (2-орун),

Gi (кимоночон)

Жаштар (18-19 жаш)
77 кг. Кылымбек Маамытов (1-орун),
92 кг. Элдос Абдыкерим уулу (1-орун),

Уландар (кадеттер, 16-17 жаш)
58 кг. Элдияр Алымсейитов (3-орун),

Окуучулар (14-15 жаш)
53 кг. Жылдызбек Сакматов (3-орун),
59 кг. Султан Жанболотов (3-орун),

Ардагерлер

(35-40 жаш)
66 кг. Адилет Иманалиев (3-орун),
71 кг. Урмат Осмонкулов (1-орун),

(41-45 жаш)
62 кг. Марс Калбаев (2-орун).

(46-50 жаш)
66 кг. Эрали Аскарбек уулу (1-орун).

XS
SM
MD
LG