Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Интерпол издеген казак жараны Кыргызстандын паспорту менен кармалды


Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

10-ноябрда Түркиянын "CNN türk" телеканалы кабарлагандай, 15 жыл мурун Казакстанда адам өлтүрүүгө шек саналып Интерполдун издөөсүндө жүргөн 53 жаштагы Бакытжан Успанов Түркиянын Кония шаарында кармалган. Ал суракта «Казакстанда кылмыш кылганын, Кыргызстанга качып барып Бишкектен 1000 долларга Кыргызстандын паспортун сатып алганын» айткан. Тергөөдө шектүү Успанов казакстандык экени, кыргыз паспорту жасалма болгону аныкталган.

Тергөө аяктагандан кийин Кония шаардык прокуратурасы Успановду Казакстанга депортациялай турганы айтылды.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги өткөн жылы 2015-2016-жылдары мыйзамсыз паспорт берүүгө, жасалма паспортторго байланыштуу 228 кылмыш иши козголуп, 125и сотко жөнөтүлгөнүн, ондогон кылмыш иштери айыпталуучунун кайда экенин аныктоо мүмкүн болбогондуктан жана «кылмыш жообуна тартыла турган адамдар аныкталган жок» деген жүйө менен токтотулганын билдирген.

2017-жылы Түштүк Кореяга кетүүнү каалаган 50дөн ашык кыргыз жаранынын аты-жөнүн корейче өзгөртүп, аларга жасалма документтер берилген факты катталган. 2016-жылы Түркиянын Стамбул шаарындагы аэропорттон уйгур улутундагы 98 кытай жараны жасалма кыргыз паспорту менен кармалган. (ElB)

XS
SM
MD
LG