Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:35

ИМ тобу жаңы лидерине ант бергендердин видеосун жарыялады


Өзүн «Ислам мамлекети» атаган террордук уюмдун «Amaq» маалымат агенттиги ишембиде видеотасма жарыялады. Анда кара кийимчен, кара баш кийимчен алты эркек уюмдун жаңы лидерине баш иерин айтып, ант берүүдө.

«Азаттыктын» тажик кызматы («Озоди») ал кишилер Тажикстандын чек ара бекетине чабуул койгондор болушу ыктымал экенин жазды. Видео кайсы жерде, качан тартылганы белгисиз, адамдардын жүзүн да айра таанууга болбойт. Бирок алардын кийими «Ишкобод» бекетинде өлтүрүлгөн жоочулардыкындай, деп белгилейт «Озоди» радиосу.

Тажик-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекетке 6-ноябрга оогон түнү кол салуу болгон. Тажик бийлиги «чабуул койгон 20 киши - «Ислам мамлекети» террор тобунун жоочулары, Ооганстандан өтүшкөн» деп билдирген. Атайын кызмат 15 жоочу өлтүрүлүп, бешөө кармалганын ырастаган.

Тажик бийлиги 6-ноябрдагы чабуул учурунда бир милиционер жана бир чек арачы өлтүрүлгөнүн расмий маалымдоодо. Ошол эле маалда «Озоди» өз булактарына таянып, беш чек арачы жана бир милиционер курман болгонун жазды.

Ал эми 8-ноябрда «Ислам мамлекети» террор тобу чабуулду мойнуна алып, 10 чек арачы өлтүрүлгөнүн жарыялаган.

Азырынча бийлик бул маалыматтарды ырастай да, төгүндөй да элек.

XS
SM
MD
LG