Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Тажикстандагы кол салуу аймакка коңгуроо


Кол салуу болгон аймак.
Кол салуу болгон аймак.

Тажикстандын чек арасында болгон окуя коңшу мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга кандай белги болушу мүмкүн?

Тажикстанда беш өмүрдү кыйган чабуул

Тажикстандын чек ара бекетине куралдуу кол салуудан кеминде төрт чек арачы менен бир милиция кызматкери курман болгон.

«Азаттыктын» тажик кызматы күч органдарындагы ишенимдүү маалымат булактарына таянып, «Ишкобод» чек ара бекетиндеги кол салууда «Султанабад» чек ара отрядынын башчысынын орун басары Диловар Толибов, катардагы аскерлер Хафиз Хасанов менен Ганиджон Давлат каза болгонун кабарлады.

29 жаштагы Диловар Толибовдун сөөгү бейшембиде Согди облусундагы Канибадам шаарында, быйыл жазында аскерге чакырылган Хафиз Хасанов Пенджикент районунда, ал эми 19 жаштагы Ганиджон Давлат Рашт районунда жерге берилген.

Маркумдарды акыркы сапарга узатууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан. Канибадамда Толибовдун зыйнатында болгонун шаар мэринин жардамчысы Музаффар Махторов ырастаган. Ал эми Фароб айыл өкмөт башчысы Амонкул Амроев Хасановдун сөөгүн узатууга катышканын билдирген.

- Хафизди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бардык талаптарга ылайык өттү. Ал армияга быйыл жазында чакырылган, - деди Амроев.

Буга чейин тажик бийлиги бир чек арачы менен бир милиция кызматкери гана өлгөнүн расмий маалымдаган.

Курман болгон милиция кызматкери Бахром Косимзоданын сөөгү 6-ноябрда жерге берилген. Чек арачы 25 жаштагы Иззатулла Латифов менен коштошуу зыйнаты 7-ноябрда Дүйшөмбү шаарында өткөн.

Ооганстандын билдирүүсү

Тажикстандын Өзбекстанга жакын аймагындагы «Султанабад» чек ара отрядына караштуу «Ишкобод» бекетине чабуул 6-ноябрда таңкы саат 3төн өткөндө болгон.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитети чек арага кол салган 15 согушкер өлтүрүлүп, дагы бешөө камакка алынганын кабарлады.

«Азаттык» радиосунун тажик кызматы Тажикстандын күч органдарына жакын булагына таянып, кол салгандардын баары Согди облусунда төрөлгөнүн жазды.

Маалыматта, Тажикстандын күч органдары жүргүзгөн операцияда Малохат Хайдарова, Зулхумор Жумаева, Рахбар Бокиева жана Хусейн Исломов колго түшкөнү, ал эми Шавкат Исломов атышууда каза болгону айтылган. Алар 20-25 жашта экени жана кармалгандарга терроризм, адам өлтүрүү, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча иш козголгону белгилүү болду.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитети чек арага чабуул жасагандар «Ислам мамлекети» террордук уюмунун жоочулары болгонун билдирди. Аталган террордук топ теракт үчүн жоопкерчилик ала элек.

Комитет жоочулар 3-ноябрда Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Кундуз провинциясынын Калаи-Зол аймагы аркылуу мыйзамсыз өтүп келишкенин маалымдаган. Ооган бийлиги мындай маалыматты четке кагып, өлкөнүн Коргонуу министрлиги атайын кайрылуу жасады.

- Ооганстандын Коргонуу министрлиги кол салгандар Ооган аймагында жашабаганын белгилейт. Чек ара бекетине чабуул жасагандар тажик-ооган чек арасынан өткөнүн тастыктаган бир дагы далил жок, - деп билдирди министрликтин басма сөз катчысы Рухулло Ахмадзай «Азаттыктын» ооган кызматына.

Тажикстандын бийлиги буга расмий жооп кайтара элек. Күч кызматтары кошумча маалымат берүүдөн карманууда.

21-29-октябрда эле бул чабуул болгон аймакка жакын жайгашкан Хатлон облусундагы Харбмайдон полигонунда, Ооганстан менен чек арадан 20 чакырым алыстыкта Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бирдиктүү аскерий окуулары өткөн.

Тажикстанда май айында Вахдат шаарындагы колонияда тополоң чыгып, 32 адам каза тапкан. Анын 29у абакта кармалгандар, үчөө түрмө кызматкери болгон. Анда тажик бийлиги «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрүн айыптаган.

Былтыр 29-июлда Дангара-Дүйшөмбү жолунда жоочулар велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда төрт чет өлкөлүк адам каза таап, үчөө жарадар болгон. Шектүүлөрдү кармоо операциясында беш киши жок кылынган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган.

Тажикстан: чабуулда беш чек арачы өлгөнү билинди
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:22 0:00

Террордук топтун коркунучу

Тажикстандагы кандуу окуяларга байланыштуу Кыргызстанда да коопсуздукка тиешелүү иш-аракеттер, чек арадагы көзөмөл күчөтүлгөнү маалымдалды.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстандын чек ара бекетиндеги окуя жөнүндө маалымат түшөрү менен кыргыз тарап чара көргөнүн айтты.

- Албетте реакция болду. Айрым маалыматтар айтылбайт. Негизинен эле чек араны кароо тийиштүү деңгээлде жүрүп жатат. Ал эми болуп өткөн окуядан кийин коркунучтуу ыктымал аймактарды бир сыйра карап чыктык, - деди Разаков.

Коңшу Тажикстандагы куралдуу кол салуу болгон чек ара бекети Дүйшөмбү шаарынан 60 чакырым алыстыкта, Өзбекстанга жакын жерде жайгашкан. Ал эми Дүйшөмбү шаарынан Кыргызстандын Баткен аймагына чейин болжолдуу 300-400 чакырым болот.

Эксперттер Ооганстандагы террористтик топтордун Борбор Азияны тооруган коркунучун бул окуяга чейин эле эскертишкен.

Коопсуздук маселесинде адис Марат Иманкулов Тажикстанда болгон окуя конгуроо экенин айтты.

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

- Ооганстандын түндүгүндөгү провинцияда “Ислам мамлекети” террористик тобунун согушкерлери жайгашып жатканы тууралуу кабар көптөн бери эле айтылып келе жатат. Булар негизи Сирия, Ирактан сокку жегенден кийин качып келгендер. Эми Ооганстандын аймагында машыгып жатышат. Бул Борбор Азия анын ичинде Кыргызстанга жана Орусияга дагы чоң коңгуроо. Анткени террористик топтун ичиндеги мүчөлөрдө Борбор Азиянын жарандары бар. Аларга Ооганстандын кереги жок, алардын багыты Борбор Азия болуп жатат.

Иманкулов Кыргызстан күч түзүмдөрү сырттагы коркунучтардын алдын алуу, ар кандай шектүү топтордун жолуна бөгөт кылууда техника жана адисттерден аксап жатканын кошумчалады.

Такталбаган чек аранын коркунучу

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесиндеги такталбаган аймактарында чыр-чатак маал-маалы менен катталып турат. Айрым адистер мындай абалды башка күчтөр пайдаланып кетүү коркунучу бар экенин эскертишет.

Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова чек арага жакын аймактарга бийлик өзгөчө көңүл бурушу керектигин белгиледи.

Карамат Орозова.
Карамат Орозова.

- Бул тууралуу дайыма айтып жүрөбүз. Баткен облусу эки мамлекет менен чектешкен жерде турат. Чек ара мамлекеттин эң негизги маанилүү маселеси болушу керек. Андыктан чек араны тактоо бул бийлик алдындагы зарыл иштердин бири, - деди Орозова.

Депутат чек араны тактап алгандан кийин ар кандай шектүү топтор менен күрөшүү жеңил болорун белгиледи.

Борбор Азия мамлекеттеринин бийлик өкүлдөрү жолуккан жыйындарда дайыма терроризм менен бирге күрөшүү маселеси көтөрүлөт. 4-ноябрь күнү Тажикстандын Исфара шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара жана атайын кызматтарынын жетекчилери жолугушуп, эки мамлекеттин чек арага жакын аймактарында коопсуздукту камсыз кылуу, терроризмге каршы күрөштө мекеме аралык кызматташтыкты чыңдап, ар кандай иш-чараларды биргелешип өткөрүп турууну сүйлөшкөнү кабарланган.

6-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз тарап тажик - өзбек мамлекеттик чек арасындагы «Султанабад» чек ара отрядынын №4 «Ишкобод» чек ара тозотуна куралдуу топтун кол салуусуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. Кыргыз тарап аймактык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн аймактагы өлкөлөрдүн биргелешкен аракетин колдой турганын билдирди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG