Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Жоочулар менен күрөшкөндөр жерге берилди


Куралдуу топтун кол салуусунан курман болгон чек арачы Иззатулла Латифов.
Куралдуу топтун кол салуусунан курман болгон чек арачы Иззатулла Латифов.

Тажикстандын Өзбекстан менен жакын аймагындагы чек ара бекетине куралдуу кол салуудан курман болгон чек арачынын жана милиция кызматкеринин сөөгү жерге берилди.

6-ноябрга караган түнү куралдуу топтун чабуулунун мизи кайтарылып, 15 согушкер жок кылынган жана дагы бешөө колго түшүрүлгөн.

Тажик бийлиги алар Ооганстандан өтүп келген “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери болгонун билдирүүдө. Ал арада Тажикстандын бийлиги Ооганстан менен чектешкен айылдардын тургундарына сак болууну эскертти.

Тажикстандын чек ара бекетине кол салуудан курман болгон милиция кызматкери Бахром Косимзоданын сөөгү 6-ноябрда түштөн кийин жерге берилди. Бахром окуя болгон Рудаки районунун Эсанбой жамаатынын аймактык тескөөчүсү болчу.

Ал эми чабуулда курман болгон чек арачы Иззатулла Латифов менен коштошуу зыйнаты 7-ноябрда Душанбе шаарында өттү. 25 жаштагы прапорщик аскердик милдетин өтөгөндөн кийин «Султанабад» чек ара отрядында кызмат кылууга калган. Ал үч ай мурда гана үйлөнгөн.

Чек арачы Иззатулла Латифовду акыркы сапарга узатуу.
Чек арачы Иззатулла Латифовду акыркы сапарга узатуу.


Чек арачынын атасы Абубакр Латиповдун айтымында, Иззатулла анын экинчи уулу болгон жана баласынын аскер кызматкери болушун каалаган.

- Үч күн мурда балам үйгө келип кеткен. Ал жаңы жоокерлер үчүн абдан кам көрчү. Уулум мага телефон чалып кетип жатканын, аскер бөлүгүндө жаңы жоокерлер бар экенин айткан. Балам жаңы жоокерлер ант беришерин, бул салтанатты уюштурууга жардам бериши зарыл экенин сөз кылган эле. Азыр болсо менин уулум баатырларча курман болду. Биз Иззатулла менен сыймыктанабыз. Анткени душмандар кармалды.

Чек арачы Иззатулла Латифовду акыркы сапарга узатуу.
Чек арачы Иззатулла Латифовду акыркы сапарга узатуу.


Тажик бийлиги өзбек-тажик чек арасындагы «Ишкобод» заставасына коюлган чабуулга «Ислам мамлекети» террордук уюмунун тиешеси бар деп билдирди. Аталган террордук топ бул окуяга жоопкерчилик ала элек.

Тажикстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлагандай, куралдуу топ 3-ноябрда Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Кундуз провинциясынын Калаи-Зол аймагы аркылуу мыйзамсыз өтүп келишкен. Алар 6-ноябрга караган түнү саат 3:32тө "Ишкобод" чек ара заставасына кол салган. Андан бир чек арачы жана милиция кызматкери каза таап, 15 согушкер жок кылынып, бешөө колго түшүрүлдү.

Куралдуу кол салуу болгон жер.
Куралдуу кол салуу болгон жер.


Колго түшүрүлгөн жоочулар сурак учурунда "Ишкобод" чек ара бекети алар үчүн чабуул коюуга ыңгайлуу жай болгонун билдиришкен.

Айрым маалыматтарда согушкерлердин арасында чет өлкөлүктөр, ошондой эле бир аял болгон. Бирок азырынча өлгөн жана кармалган жоочулардын тек-жайы боюнча башка маалымат жок.

Ал арада Тажикстандын бийлиги Ооганстан менен чектешкен Кубодиен районундагы айылдардын тургундарына сак болууну эскертти. Бул тууралуу аталган райондун «20 солагии истиклол» айылынын башчысы Эркин Турахонов билдирди.

Куралдуу кол салуу болгон чек ара бекети Дүйшөмбү шаарынан 60 чакырым алыстыкта, Өзбекстан менен чек арага жакын жерде жайгашкан. Социалдык тармактардын колдонуучулары тажик-ооган чек арасындагы Кубодиен районунан борбор шаарга жакын, «Ишкобод» чек ара бекети орун алган Рудаки районуна кантип жетип келишти деген суроону коюп жатышат. Эки күндө алар 200 чакырым жолду кантип эч бир тоскоолдуксуз өтүп келди деген суроого азырынча жооп жок.

Кол салуу Тажикстан Конституция күнүн белгилеп жаткан учурда жана президент Эмомали Рахмон Европада расмий сапары менен жүргөн маалда болду. Рахмондун сапары 12-ноябрга чейин уланмакчы.

Кыргызстан Тажикстандын чек ара бекетине кол салууну айыптады. 6-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Айдарбеков тажик - өзбек мамлекеттик чек арасындагы «Султанабад» чек ара отрядынын №4 «Ишкобод» чек ара заставасына куралдуу топтун кол салуусуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

“Кыргыз тарап мындай актыларды айыптайт жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу максатында региондун өлкөлөрүнүн биргелешкен күч-аракеттерине бекем колдоо билдирет” деп айтылат Кыргызстандын тышкы мекемеси тараткан маалыматта.

Тажикстанда согушкерлер кол салган окуя 2018-жылы да катталган. Былтыр 29-июлда Дангара-Дүйшөмбү жолунда кылмышкерлер велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда Голландия менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы үч чет өлкөлүк жараланган. Шектүүлөрдү кармоо операциясында беш киши жок кылынган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG