Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Текебаев менен Чотоновду актаган көрсөтмө беришти


«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сотто. 1-октябрь, 2019-жыл.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сотто. 1-октябрь, 2019-жыл.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда 12-ноябрда 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү көрсөтмө берип, баары тең соттолуучуларга коюлган айып негизсиз экенин билдиришти.

Адвокат Таалайгүл Токтакунованын айтымында, күбөлөр Текебаев 2010-жылдын 13-майында каерде эмне иш кылганы, кимдер менен жолукканы тууралуу кенен маалымат беришти.

- Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү 2010-жылдын 13-майында Текебаев таңдан кечке чейин каякта жүргөнүн ар бирин айтып беришти. Темир Сариев ал күнү өлкөдө кырдаал кыйын болуп турганын, андыктан бир жакка чыкмак түгүл жөндөп тамак ичкенге да убакыт болбогонун айтты. Ошентип бүгүнкү күбөлөр да айыптоо таптакыр негизсиз экенин 120% тастыктап беришти, - деди ал.

Бул отурумда Наталья Никитенко, Феликс Кулов, Темир Сариев, Алмамбет Шыкмаматов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Абдыганы Эркебаев, Азимбек Бекназаров, Аида Салянова, Элмира Ибраимова жана Исабек Алдозов - жалпысынан он күбө катышып, көрсөтмө берди.

Жогорку сот быйыл 21-августта ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Азыр алар үй камагында.

Алар «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Айыптоочу тарап окуя 2010-жылдын 13-майында Бишкектин четиндеги «Супара» ресторанында болгонун жүйө келтирген.

Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалаган. (RK)

XS
SM
MD
LG