Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган 346 адам бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын түрмөлөрүндө өмүр бою эркинен ажыратылган 346 адам бар. Алардын баары эркектер. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Талаай Нуралиев «Кабар» агенттигинде өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди.

Нуралиевдин маалыматында, жалпы соттолгондордун саны - 9 902 киши. Алардын арасынан 1632си тергөө абагында, 2031 киши жатак абагында кармалып турат. 427 киши терроризмге байланыштуу соттолгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG