Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

Кыргызстан Казакстандан 50 жейрен сурады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, Кыргызстан Казакстандан кайтарымсыз түрдө 50 баш жейрен алуу боюнча протоколго кол койду. Бул жаныбарлар Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, Орто-Токой суу сактагычынын аймагында тукумун көбөйтүш үчүн алынып келет. Учурда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Казакстандын тийиштүү органдарына долбоордун биологиялык негиздемесин жөнөтүп, жаныбарларды алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Мирслав Аманкулов жоголуп кеткен жейрендерди калыбына келтирүүгө аракет кылып жатканын белгилеп, 1930-1970-жылдарда бул жаныбарлар Кыргызстандын аймагында да болгонун билдирди.

Мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, 1930-1940-жылдары Борбор Азияда жүз миңдеген жейрен болгон. Ал эми Кыргызстанда алар Ысык-Көлдүн аймагын байырлашкан. Алардын саны азайып отуруп 1990-жылдары жок болуп кеткен. Кыргызстанда жейрен Кызыл китепке кирген жаныбар, аны аткан кишиге 1 млн. сом айып салынат.

2015-жылы Казакстандын Костанай, Акмоло жана Актөбө облустарында акыркы эки айда жалпысынан 132 миң жейрен кырылган. 2016-жылы 6-апрелде Жейрендерди коргоо альянсы (Saiga Conservation Alliance) билдиргендей, жейрендер Pasteurella multocida деген микробдун кесепетинен кырылган. Жейрендердин 90% көбү Казакстан менен Орусияны, калган бөлүгү Монголияны байырлайт. (TSh)

XS
SM
MD
LG