Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:34

«Бир дүйнө» балдар укугуна басым жасады


«Бир дүйнө» балдар укугуна басым жасады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:18 0:00

Бишкекте «Бир дүйнө - Кыргызстан» кинофестивалы жыйынтыкталды. Анда "Азаттык+" жаштар берүүсүнүн алып баруучусу, жаш журналист Айдана Топчубаеванын “Аяна” аттуу тасмасы эң мыкты улуттук тасма деген наамды жеңип алды. “Азаттыктын” дагы бир журналисти Санжар Эралиевдин “Дарт тооруган балалык” аттуу тасмасы жаш калыстардын мыкты деген баасына татыды.

Бул жылы фестиваль «Балдар үнү жана тең укуктуулук» деген темада өттү.
БУУнун Балдардын укуктары боюнча конвенциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналган фестивалга ондон ашуун өлкөдөн 20дай даректүү тасма катышты. Мындан сырткары балдардан укуктары боюнча талкуулар, семинарлар уюштурулду. «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму уюштурган фестиваль быйыл 13-жолу өттү.
XS
SM
MD
LG