Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков жарандык активист Мелис Аспековго каршы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) арыз жазганы белгилүү болду.
Анын арызынын тексти Интернетке жарыяланды. Анда Аспеков ушул жылдын июнь-сентябрь айларында андан шантаж кылып 11 миң доллар талап кылганы айтылат. Эгерде ал сураган акчаны бербесе, туура эмес маалыматтарды таратып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кадыр-баркын түшүрөрүн айтканы жазылган. Чыныбай Турсунбеков Аспековго каршы УКМКга 18-сентябрда арызданганын ырастады.
- Келип алып жөн эле «акча бер» деп атса эмне дейбиз? Ошого жараша арыз жаздым. Эми жыйынтыгын күтө туралы - деди Турсунбеков.
Ал эми Мелис Аспеков депутаттан акча талап кылбаганын айтып, Турсунбековдун сөздөрүн четке какты:
- Мен аны шантаж кылсам ал мени видеого тартып, аудиого жазып албайт беле? Аны коомчулукка таратып «Аспеков мени шантаж кылып жатат» деп айтпайт беле? Анын колунда мындай материал жок. Болушу да мүмкүн эмес.
Мелис Аспеков сентябрда Чыныбай Турсунбековдун мүлкүн, фирмаларын, киреше-чыгашаларын текшерүүнү талап кылып Башкы прокуратурага арыз жазган. Ал экс-спикер Бишкектеги арак заводун жасалма түрдө банкрот кылып, арзан баада менчиктештирип алган деп билдирген.
Октябрь айында Турсунбековдун жакындарына таандык Бишкектеги арак-шарап заводу боюнча 2014-жылы токтотулган кылмыш иши кайрадан териштирилери белгилүү болгон. (BTo)