Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Парламентте Саймаити боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушу айтылды


Айеркен Саймаити.
Айеркен Саймаити.

Жогорку Кеңеште кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзүү сунушталды.

«Бир Бол» фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов фракциянын бул тууралуу чечими даяр экенин билдирди:

- Депутаттарды, мени каралаган күчтөр көбөйдү. Бул жерде алаксытуучу маневр болуп жатат. Кандайдыр бир күчтөр өзүнөн башка жакка бургусу келип жатат. Саймаити ким, Кыргызстанга качан келген, кантип кеткен, кыргыз паспортун кантип алган, кыргыз дипломатиялык машинасында кантип жүргөн, ал ким менен жакын, ким менен душман болгонун иликтеш керек.

Саймаити боюнча комиссия түзүү зарыл экенин депутат Жанарбек Акаев да айтты:

- Азыр ар кайсы саясий күчтөр бул маселени биринен бирине оодарууга аракет кылганы туура эмес. Депутаттык комиссия иликтегенде “Азаттыкта” айтылган Кыргызстандан чыгарылган акчанын баарынын тарыхына биз сөзсүз кызыгышыбыз керек. Түркияда башкы консулубуз баш болуп Кыргызстандын атына чоң көлөкө тушүрдү. Элибиздин башы айланып калды, “Кыргызстанда соо саясатчы калдыбы?” деген суроо пайда болду.

Депутат Төрөбай Зулпукаров Саймаитинин өлүмүнөн кийин коомчулукта пайда болгон ар кандай жоромолдорду кимдир бирөөлөрдүн “алаксытуу тактикасы” деп атады:

- Өлүмгө биздин тиешебиз жок. Укук коргоо органдары текшерет. Түркиянын полициясы өтө күчтүү иштейт.

Төрага Дастанбек Жумабеков мындай комиссия түзүүгө каршылыгы жок экенин, маселе добуш берүү аркылуу чечилерин билдирди.

Уйгур тектүү кытайлык ишкер Айеркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы мейманкалардын биринин кафесинде атып кетишкен. Ал алган жараатынан улам оорукана каза тапкан. Эртеси күнү аны өлтүрүүгө байланышы бар делген үч киши - сириялык Али Исбех жана кыргыз паспортун алып жүргөн Хусейн Ахметалиев менен Абдулла Энвер - Адана шаарында кармалган. Мамлекеттик каттоо кызматы жогорудагы эки адам "Кыргызстандын жарандары эмес" деп билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги «Рейнж Ровер» автоунаасынын номуру Стамбул шаарындагы кыргыз консулдугуна таандык экенин ырастаган. Ал эми жолтандабас окуядан кийин жумуштан алынган башкы консул Эркин Сопоковго таандык экени аныкталган.

“Азаттыктын” иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG