Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

ИИМ: акча ташыган адамды өлтүрүүгө шек саналгандардан 100 миң доллар алынды


Мирлан Каниметов.
Мирлан Каниметов.

«Манас» аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан сөөгү табылган адамдын өлүмүнө байланыштуу шек саналып жаткан эки киши кармалып, дагы экөөнө издөө жарыяланды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов 21-ноябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты.

Ал киши колдуу болуп өлтүрүлгөн адам акча ташуу менен алектенгенин, аны өлтүрүүгө шектелип кармалгандардан 100 миң доллардан ашык акча алынганын билдирди. Бирок каражаттын ээси аныктала элек. Каниметов акча мыйзамсыз ташылып турушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Министрдин орун басары мындан тышкары азырынча бул окуянын Түркияда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланышы бар-жогу так аныктала электигин билдирди. Уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин алдындагы кафеде тамактанып отурган учурунда атып кетишкен.

Белгилей кетсек, 23-октябрда «Манас» аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылган. Чүй облустук милициясы кийинчерээк 39 жаштагы маркум күч колдонулуп өлтүрүлгөнү аныкталганын жарыялаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG