Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Экс-консул Cопоковдун иши иликтенет


Эркин Сопоков.
Эркин Сопоков.

Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун ишмердигин атайын топ териштире баштады.

Түркияда кытайлык уйгур ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнөн соң кыргызбийлиги Стамбулдагы башкы консул Эркин Сопоковдун ишмердигин текшерүүнү чечти. Бул үчүн УКМКнын, Башкы прокуратуранын жана Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлдөрүнөн турган атайын жумушчу топ түзүлүп, Стамбулга жөнөп кеткен.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин башчысы Уланбек Дыйканбаевдин айтымында, текшерүү жүргүзүү боюнча ТИМ демилге көтөргөн.

- Жумушчу топ түзүлдү, - деди ал. - Топко кирген бардык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Стамбулга барып, мурдагы башкы консулдун ишмердигин текшерет. Ишмердиги дегенибиз - ал жөнүндө бардык жагдайлар текшерилет жана бардык маалыматтар ушул иштин алкагына камтылат.

Президенттин жарлыгына ылайык эки күн мурун кызматтан алынган Эркин Сопоковдун учурда Кыргызстанга келген-келбегени белгисиз. Ал акыркы окуялар, ишкер Саймаити менен байланышы жөнүндө эч кандай комментарий бере элек.

Акыркы эки жылдан бери Стамбулдагы консулдук кызматты аркалаган Сопоков уйгур улутундагы ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнөн соң талкууга түштү. Саймаити өлтүрүлгөн кезде анын жанындагы «Рейнж Ровер» үлгүсүндөгү автоунаа консулга таандык экени жана анда дипломатиялык номер тагылып жүргөнү кабарланган. Кийин муну Тышкы иштер министрлиги ырастап, Сопоков өз машинесин Стамбулдагы автосалондордун бирине сатуу үчүн таштаган деп түшүндүргөн.

Кыргызстанда эки жылдан бери издөөдө жүргөн адамда автоунаасы болуп калган консулдун иши талкууга түшүп, бийликтин дарегине сын пикирлерди күчөттү. 51 жаштагы Эркин Сопоков үчүн консулдук кызмат алгачкы дипломатиялык тажрыйба болчу. Ал ага чейин «Кыргызавтомаш» заводундагы айдоочулуктан баштап, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Сопоков дипломатиялык кызматка дайындалган учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов менен жакын мамиледе болгону айтылган. Бирок акыркы күндөрү «Эркин Сопоковду парламенттеги айрым депутаттар колдоп жүргөн» деген маалыматтарды социалдык тармак менен айрым сайттар жазып чыгышты.

Төрөбай Зулпукаров.
Төрөбай Зулпукаров.

Маселен, айрым сайттар Сопоков Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров менен мамилеси жакшы экени жөнүндө жазып чыкты. А түгүл, Сопоковдун уулу Азамат Мамасалиев Зулпукаровдун кеңешчис экени жөнүндө маалыматтар таратылды. Зулпукаров журналисттерге Сопоковдун уулу консультант болуп иштеп кеткенин ырастап, Стамбулдагы экс-консул менен да тааныш экенин билдирген:

- Эркин Сопоковдун кайнатасы Эгемберди Эрматов. Ал киши менен мен 5-чакырылышта бирге депутат болуп иштеп калдым. Анын күйөө баласы, балдары, жубайы менен дайым катташып турам. Үй-бүлөсү менен КСДПнын түптөлүшүнө өтө чоң салым кошкон инсан. Убагында Эрматов КСДПнын түптөлүшүнө өтө чоң салым кошуп, учурунда куугунтукка да кабылган. Ал эми Сопоков боюнча тергөө башталса керек. Эгер консулдун машинеси болсо, аны берип койгон болсо туура эмес. Эми ар бир киши адашат. Жасаган ишине жараша мыйзам алдында жооп бериши керек.

Айрым адистер соңку окуядагы консулдун жагдайын Кыргызстандагы кадрдык башаламандыктын дагы бир далили катары баалап жатышат. Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков бийлик мындан жыйынтык чыгарышы керек экенин айтты:

Талант Кушчубеков.
Талант Кушчубеков.

- Бул Тышкы иштер министрлиги жана президент үчүн сабак болушу керек. Бир күн дипломат катары иштебеген бул адамды президент сунуш кылган. Биздин президент Конституция боюнча тышкы саясатты аныктайт. Бирок ал тышкы саясаттагы кадр иштерине кийлигишпей эле койсо жакшы болмок.

Буга чейин Тышкы иштер министрлигиндеги мыйзамсыз кыймыл-аракеттер туурасында президентке бир нече жолу кайрылган мурдагы элчи Кылычбек Султан Сопоковдун ишмердиги текшерилет деген убадаларга ишенбей турат. Анын айтымында, бул иште Сопоков эле эмес, андан жогору турган адамдар аралашышы мүмкүн.

Кылычбек Султан.
Кылычбек Султан.

- Жумушчу топ Стамбулга акыркы кырдаалды изилдеш үчүн эмес, тескерисинче, айрым маалыматтарды жаап-жашырып, коркутуп-үркүтүш үчүн кетиши мүмкүн. Эгер чындыкты изилдегиси келсе бул жерден деле тактап алууга болот. Менин оюмча, бул иштерди Сопоков билбей деле калышы мүмкүн. Анткени мындай иштерге андан жогору турган адамдар аралашып, ошол номерлер берилиши ыктымал. Анан бийлиги күч, кылмышы чоң адамдарды жаап-жашыруу үчүн учурда Сопоковго бардык жоопкерчиликти жүктөп коюу аракетин да четке кага албайбыз, - деди ал.

Ал ортодо Мамлекеттик каттоо кызматы Саймаитинин өлүмүнө шектүү адамдардын арасында Кыргызстандын жарандары болгону тууралуу маалыматты четке какты. Кызматтын өкүлү Адилет Бейшеналиевдин айтымында, буга чейин түрк маалымат каражаттары кыргыз жараны деген эки адам боюнча маалымат ырасталган жок.

- Кытай жараны Саймаити Айеркендин өлүмүнө шектүү деп кармалган Хусейн Ахметалиев, Абдулла Энвер - Мамлекеттик каттоо кызматынын бирдиктүү маалымат базасына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары эмес, - деди ал. - Улуттук паспорттордун бирдиктүү реестрине ылайык, аталган жарандар Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтештирилгени ырасталган жок.

Кытай жараны Айеркен Саймаити 12-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү катары үч адам Түркияда кармалган болчу. Түркиянын Адана шаардык полициясы кармалгандардын экөө: Кусейин Акматалиев, Абдуллах Энвер өздөрүн «кыргыз жараныбыз» деп тааныштырганы боюнча маалымат тараткан.

Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG