Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Депутат Төрөкулов: Саймаити менен Түркияда жолуккам (видео)


Дүйшөн Төрөкулов.
Дүйшөн Төрөкулов.

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов Стамбулда өлтүрүлгөн уйгур тектүү кытайлык ишкер Айеркен Саймаити менен Түркияда жолукканын, аны менен 15 жылдан бери тааныш болгонун ырастады. Бул тууралуу ал 21-ноябрда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып айтты.

- Аны менен ишкерлик байланышым болгон эмес. Бирок жеке байланышым бар болчу. Ош, Кара-Суу кичинекей эле аймак да. Ал жерде баары тең бири-бирин тааныйт. Айеркен Саймаити чуу жараткан жигит. Анын аты миллиондогон акча боюнча айтылып жатат. Ал иши жүрүшкөн уйгур улутундагы соодагерлердин бири болгон. Аны көп киши таанычу, көбү менен мамилеси бар болчу, - деди Төрөкулов.

Ал Айеркен Саймаити Кара-Суу районунда жашаганын, убагында күч органдарына ага каршы арыз жазылганын айткан, «ушундан улам чет мамлекетке чыгып кетиши мүмкүн» деп божомолдоду.

Ошондой эле социалдык тармактарга Саймаити менен чогуу түшкөн сүрөттө ал өзү экенин, аны менен кошо Кара-Суу районунда жашаган адамдар да болгонун тастыктады. Буга чейин социалдык тармактарга «парламенттин депутаты Дүйшөн Төрөкулов менен Айеркен Саймаити отурат» деген сүрөт жарыяланган. Андан депутат Төрөкуловду, Саймаитини жана бир нече кишини көрүүгө болот.

Айеркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып кетишкен. Кытайлык ишкер оор жаракатынан улам ооруканада эсине келбей каза тапкан. Түркияда аны өлтүрүүгө байланышы бар делип төрт киши кармалды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги «Рейндж Ровер» автоунаасынын номуру Стамбул шаарындагы кыргыз консулдугуна таандык экенин ырастаган. Ал эми жолтандабас бул окуядан кийин жумуштан алынган башкы консул Эркин Сопоковго таандык экени аныкталган.

«Азаттыктын» иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон. (BTo/BkA)

XS
SM
MD
LG