Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Сопоков менен Саймаитинин байланышы


semeterkin аккаунттунда мурдагы башкы консул Эркин Сопоковдун, Түркиянын мурдагы маданият министри Ялчин Топчунун жана Айэркен Саймаитинин сүрөтүн табышкан. Сүрөт 2019-жылдын 18-февралында жарыяланган.
semeterkin аккаунттунда мурдагы башкы консул Эркин Сопоковдун, Түркиянын мурдагы маданият министри Ялчин Топчунун жана Айэркен Саймаитинин сүрөтүн табышкан. Сүрөт 2019-жылдын 18-февралында жарыяланган.

Түркияда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаити менен Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун байланышы боюнча жаңы жагдайлар чыкты. «Үмүт 2020» саясий кыймылы Сопоковдун Саймаити менен байланышын баяндаган видеосун жарыялады.

«Үмүт 2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова баяндаган видеодо ал мурдагы башкы консул Эркин Сопоков менен кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин байланышын социалдык тармактар аркылуу тапканы айтылат.

Эркин Сопоковдун «Фейсбуктагы» «досторунун» арасында алгач Эркин Семет деген аккаунтту табышкан. Буга чейин Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Саймаити колдонуп жүргөн жасалма ID карта менен чет элдик паспортто 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимович деп жазылганын маалымдаган.

Эркин Семеттин жарыяланган постторунун арасында «Рамадан Туризм» фирмасын визиткасынын сүрөтүн табууга болот. Ал визиткада «Рамадан Туризмдин» башчысы Эркин Семет экени жазылып турат. Буга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Саймаити өлтүрүлгөн жерден табылган машиненин ээси мурдагы башкы консул Эркин Сопоковго таандык экенин, автоунаасын ал «Рамадан Туризмге» сатуу үчүн бергенин билдирген.

«Үмүт 2020» саясий кыймылы Эркин Сопоковдун «Фейсбуктагы» «досторунун» арасындагы Эркин Семет - Түркияда өлтүрүлгөн Айэркен Саймаити болгон деп божомолдойт. Буга далил катары Эркин Семет деген «Инстаграмдагы» катталуучунун баракчасын көрсөтүшкөн. semeterkin аккаунттунда мурдагы башкы консул Эркин Сопоковдун, Түркиянын мурдагы маданият министри Ялчин Топчунун жана Айэркен Саймаитинин сүрөтүн табышкан. Сүрөт 2019-жылдын 18-февралында жарыяланган, ошол эле күнү Түркиянын мурдагы маданият министри Ялчин Топчу «Твиттерге» Сопоков жана анын достору менен жолукканын жазган.

Мына ушундай байланыштарды тапкан мурдагы депутат Ширин Айтматова төмөнкү суроолорду кабыргасынан койду:

«Стамбулга жөнөгөн жумушчу топ чындыктын изин жашырууга эмес, коомчулукка ачууга барды деп үмүт кылабыз. Биз төмөнкү суроолорго жооп талап кылабыз! 1-суроо: Айеркен Саймаити өлтүрүлөр алдында ким менен отурган? 2-суроо: мурдагы башкы консул Эркин Сопоков ал учурда кайда болгон? 3-суроо: Айеркен Саймаитинин «Фейсбуктагы»баракчасындагы досторунан арасынан айрым депутаттарды, алардын балдарын, коомдук ишмерлердин, спортчуларды таптык. Алар өлтүрүлгөн Саймаити менен кандай байланышта болгонуна түшүндүрмө талап кылабыз жана ал иликтөөгө жардам бере алабы? 4-суроо: бир жылдан бери издөөдө жүргөн Айеркен Саймаити 2018-жылдын март айында Бишкекте жасалма номурлуу машине менен видео жарыялап жатат, анда эмнеге кармалган эмес?»

Азырынча Ширин Айтматованын суроолоруна расмий органдар комментарий бере элек. Ошондой эле Эркин Сопоков да окуя боюнча өз пикирин айта элек. «Азаттык» радиосу Сопоковдун пикирин берүүгө даяр.

Буга чейин Ички иштер министрлиги 2017-жылы Саймаитини айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарып, эл аралык издөө жарыялаган. Буга кыргызстандык ишкерлердин биринин арызы себеп болгон.

Ошентип, Айеркен Саймаитинин өлүмү, анын менен байланышы бар кыргызстандык жөнүндө Интернетте ар кандай такталбаган маалыматтар улам чыгууда. «Фейсбукта» «Bespredel» деп жаңы түзүлгөн баракчада «парламенттин депутаты Дүйшөн Төрөкулов менен Айеркен Саймаити отурат» деген сүрөт жарыяланды. Анда депутат Төрөкуловго, ишкер Саймаитиге окшош адамдар бир нече киши менен чогуу тамактанып отурганын көрүүгө болот. Бул баракча Дүйшөн Төрөкулов Айеркен Саймаити менен бир кездерде чогуу иштегенин, ишкер сыртка акча ташып алектенгенин жазат. Ошондой эле «Манас» аба майданынын жанынан өлтүрүлгөн уйгур улутундагы ишкерди да «Айеркендин курьери болгон» деп жазат.

Бул постто аты аталган депутат Дүйшөн Төрөкулов менен байланышмакчы болгон аракетибизден майнап чыккан жок. Буга чейин Эркин Сопоковго байланыштуу башка депутаттардын да аты аталган болчу. Саясат талдоочу Турат Акимов ишкердин өлүмү саясий күчтөрдүн тирешине курал болуп, чоң саясатка айланганын айтты:

Турат Акимов.
Турат Акимов.

- Саймаитини Атамбаев менен байланыштырышат, экинчи тарабы Райым менен байланыштырат. Кыскасы колунда маалыматы барлар өз кызыкчылыгына пайдалат. Балким, бийликтин аброюн түшүрүүгө колдонот. Өлүмдүн себебин Түркия табат, бирок ал да саясий максатта колдонгонго аракет кылат. Эки өлкө сүйлөшкөндөн кийин материалдар Кыргызстанга келет. Андан кийин ал материалдар кандай болорун азырынча эч ким айта албайт.

«Азаттыктын» иликтөөсүндө аты аталган кытайлык уйгур ишкердин өлүмү кыргыз бийлигине карата сынды күчөттү. Бир катар эксперттер акыркы окуялар жогорку бийлик өкүлдөрү мыйзамсыз иштерге аралышып калганынын белгиси деп эсептешет. Жарандык активист Гүлжигит Исаков ишкердин өлүмү ачык-айкын иликтенсе дагы далай кыргыз аткаминерлеринин аты чыгат деп божомолдойт.

Гүлжигит Исаков.
Гүлжигит Исаков.

- Чукуса дагы көп нерсе чыккыдай. «Мадина» базарындагы ишкердин, аба майданынын жанынан табылган уйгур улутундагы жарандын, Айеркен Саймаитинин өлүмү көмүскө экономиканын оюнчулары бар экенин көрсөттү. Буга чейин да Ошто ири акча тонолгон. Анын изи кимдерге такалганы анча-мынча чыккан. Азыр деле ким-кимдерге байланыштуу экени чыгып жатат. Дагы кандай далилдер керек?

Учурда жумуштан алынган башкы консул Эркин Сопоковдун Саймаити менен болгон байланыштарын иликтеш үчүн атайын жумушчу топ иштеп жатат.

Айеркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде атып кетишкен. Кытайлык ишкер алган жараатынан улам ооруканада каза тапкан. Эртеси күнү аны өлтүрүүгө байланышы бар деп үч киши - сириялык Али Исбех жана кыргыз паспортун алып жүргөн Хусейн Ахметалиев менен Абдулла Энвер - Адана шаарында кармалган. Мамлекеттик каттоо кызматы жогорудагы эки адамды «Кыргызстандын жарандары эмес» деп билдирди.

Андан кийин Нормахамат А. аттуу адам буга чейин кармалган үч шектүүнүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде колго түшкөнүн 15-ноябрда Түркиянын «Сабах» гезити жазды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги «Рейндж Ровер» автоунаасынын номуру Стамбул шаарындагы кыргыз консулдугуна таандык экенин ырастаган. Ал эми жолтандабас окуядан кийин жумуштан алынган башкы консул Эркин Сопоковго таандык экени аныкталган.

«Азаттыктын» иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG