Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Шыкмаматов: бажы боюнча иликтөөгө президент реакция кылышы керек


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген журналисттик иликтөө укук коргоо органдары текшерүү иштерин баштаганга негиз берерин билдирди. Ал «Азаттыкка» комментарий берип жатып, бул иликтөөгө президент да реакция кылышы керек экенин айтты:

- Президент Коопсуздук кеңешинин төрагасы жана коррупция менен күрөшүүнүн башында турган адам катары иликтөөгө реакция кылышы керек. Эгерде азыр да такыр эле реакция болбой же жарым-жартылай реакция болсо, анда эл «мамлекеттик бийлик коррупцияга белчесинен батыптыр» деген бүтүмдү чыгарып коёт.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жасаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.

Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи.

Журналисттерге бул маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаити берген. Ал көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы чиеленишкен коррупциялык схема боюнча суроолорго да жооп берген.

Акыркы иликтөө боюнча Райымбек Матраимов жооп бере элек. Ал эми анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен байланышуу аракетибизден майнак чыга элек.

Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан. «Азаттыктын» ал иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон. (BTo/BkA)

XS
SM
MD
LG