Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:47

Мухаммедкалый Абылгазиев Нарынга барат


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы сапардын алкагында көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чарага, Кочкор айылында курулганы жаткан анын атындагы музей имаратынын пайдубалына капсула салууга катышат.

Ошондой эле Комсомол айылында Өмүрбаев атындагы орто мектептин ачылышына катышып, Нарын облусунун Кочкор айылындагы бир катар социалдык жана маданий объектилерди кыдырат. (BTo)

XS
SM
MD
LG