Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 06:01

Депутат журналисттик иликтөө боюнча башкы прокурорго кайрылды


Мирлан Жээнчороевдин каты.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев «Азаттык» радиосу, «Клооп» порталы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» чогуу даярдаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» аттуу журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды текшерип, укуктук баа берүү тууралуу өтүнүч менен башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды. Бул тууралуу Жээнчороев кайрылуусун «Твиттердеги» баракчасына жарыялады. Анда депутат иликтөөдө Кыргызстандын бийлик органдарындагы системалык коррупция жана эл аралык кылмыштуу топ тарабынан миллиарддаган каражаттар адалданып жатканы айтылганын билдирип, ага чара көрүүгө чакырган.

Бул кайрылуу боюнча учурда Башкы прокуратура эч кандай комментарий бере элек.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жасаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.

Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи.

Журналисттерге бул маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаити берген. Ал көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы чиеленишкен коррупциялык схема боюнча суроолорго да жооп берген.

Акыркы иликтөө боюнча Райымбек Матраимов жооп бере элек. Ал эми анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен байланышуу аракетибизден майнап чыга элек.(BkA)

Пикирлерди көрүңүз (5)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG