Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Президенттик аппарат журналисттик иликтөө боюнча билдирүү таратты


Толгонай Стамалиева.
Толгонай Стамалиева.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген журналисттик иликтөөдө аты аталган Хабибулла Абдукадыр менен президент Сооронбай Жээнбековдун бизнес-долбоору болбогонун жана жок экенин билдирди.

Бул тууралуу Жээнбековдун Хабибулла Абдукадыр менен болгон тааныштыгы тууралуу Стамалиеванын 22-ноябрда президенттин сайтына жарыяланган түшүндүрмөсүндө айтылат.

Анда Сооронбай Жээнбеков 2-ноябрда медиа өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросунун жетекчиси Айзада Касмалиева Жээнбековдун Хабибулла Абдукадыр менен болгон тааныштыгы боюнча суроо берип, жооп алганы сөз болот.

Кийин да кененирээк комментарий берилгени, анда Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп иштеп турган 2012-жылы Ош шаарында инвесторлорду тартуу максатында «Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү» деген инвестициялык форум болгону жазылган. Ага Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун губернатору Фархат Турду менен чогуу Хабибулла Абдукадырдын иниси келгени, Жээнбеков аны менен ошондо таанышканы белгиленет.

Маалымат боюнча, форумдан кийин Жээнбеков ал экөө менен чогуу ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болушкан. 2017-жылы иниси аркылуу Атамбаев жана Жээнбековдун Хабибулла Абдукадыр менен жалпы таанышуусу болгон.

- Андан кийин алардын Алмазбек Атамбаев менен мамилеси кандай өнүктү - бул тууралуу Жээнбековго белгилүү эмес. Журналисттик иликтөөдө «бул иштердин активдүүлүгү 2012-2016-жылдарга тиешелүү» деп белгиленген, тактап айтканда бул Атамбаевдин президент болуп турган маалы. Коомчулукка белгилүү болгондой, 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарынын ишин ачык сынга алган. Иш жүзүндө, жалпысынан системаны жана иликтөөдө келтирилген схемаларды жаңы мамлекет башчысы кабыл алган эмес. Анын жыйынтыктары белгилүү - бүгүнкү күндө Атамбаев ага коюлган беш айып боюнча тергөөдө, - деди Стамалиева.

Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев буга чейин «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып Хабибулла Абдукадырды ага Сооронбай Жээнбеков тааныштырганын айткан.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жасаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.

Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи.

Журналисттерге бул маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаити берген. Ал көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы чиеленишкен коррупциялык схема боюнча суроолорго да жооп берген.

Акыркы иликтөө боюнча Райымбек Матраимов комментарий бере элек. Ал эми анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «инимдин өзү менен байланышкыла» деп, «Азаттыктын» калган башка суроолоруна жооп берген жок.

Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан. «Азаттыктын» ал иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG