Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Журналисттик иликтөөлөр фонду "Миллионгейтке" байланыштуу кайрылуу таратты


Кыргызстандагы Журналисттик иликтөөлөр фонду коррупцияга каршы күрөштүн реалдуу жыйынтыгы жоктугуна нааразы болуп жаткан жарандардын пикирине кошулат жана бийликтен бул жаатта ачык-айкындуулукту талап кылат. Ошондой эле журналисттердин коопсуздугуна көңүл бурууга чакырат. Фонд 23-ноябрда ушундай билдирүү таратты.

Кайрылуу «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөөгө байланыштуу жарыяланды.

“Биз жарандык коомду жана маалымат каражаттарындагы кесиптештерибизди биригиүүгө жана журналисттик иликтөө жанрынын өнүгүшүнө тилектештик кылууга чакырабыз”, - деп айтылат анда.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөө жарыяланган. Анда миллиондогон долларлар Кыргызстанга мыйзамсыз кирип-чыгып турганы айтылган.

Ошондой эле иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун иниси. Депутат бир тууганына байланыштуу маалыматтарды четке кагып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG