Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын курамынан чыкты. Бул маалыматты аталган депкомиссиянын мүчөсү, депутат Алмазбек Эргешов ырастап, мындай чечим комиссиянын биринчи отурумунда кабыл алынганын айтты:
- Талант Мамытовду комиссиянын төрагасы кылып шайладык. Ал эми Алтынбек Сулайманов «бул иште менин атым аталып калган үчүн комиссиядан чыгам. Шаршемби күнү комиссияга мүчө болууга «Бир Бол» фракциясынан башка депутатты сунуш кылабыз» деп айтты.
Өткөн аптада парламент депутаты Искендер Матраимов да комиссиядан чыгарын жарыялаган. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына Саймаитинин өлүмү боюнча иште анын үй-бүлөсүнүн аты аталып жатканын, коомчулукта шек саноо болбош үчүн комиссиядан чыгууну туура көргөнүн жазган. Бирок азырынча анын комиссиядан чыккан-чыкпаганы так белгисиз. Ал комиссиянын биринчи жыйынына да келген эмес.
Мунун алдында депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү Матраимов комиссиядан чыгышы керек экенин, антпесе коомчулук анын ишине күмөн санай турганын айтып чыгышкан.
Жогорку Кеңеш 21-ноябрда уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзгөн.
Комиссия Саймаитинин өлтүрүлүшүн, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтөөгө ниеттенүүдө.
Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схема боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Түркияда аны өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалды. (BTo)