Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

«Журналисттер»: Иликтөө багытын башка журналисттер да колго алса


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Журналисттик иликтөө жанрын башка ЖМКлар да колго алып, коомчулук ага колдоо көрсөтүшү зарыл. Бул тууралуу «Журналисттер» коомдук бирикмеси 25-ноябрда тараткан билдирүүдө айтылат.

Бирикме «Азаттык», «KLOOP.kg» жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) биргелешип даярдаган иликтөө тууралуу пикирин билдирип, «Журналисттер өлкөбүздөгү коррупциялык көрүнүштүн бирин ачыкка чыгарышты. Ушунусу менен алар журналистиканын негизги вазийпасын аткарууга аракет кылышты» деп билдирди.

Ошону менен катар «Журналисттер» коомдук бирикмеси «демократиялык жолду тандаган биздин мамлекет ушуга окшош иликтөөлөр боюнча өзүнүн расмий көз карашын билдириши керек, анда келтирилген фактыларга бийлик органдары териштирүү жүргүзүп, өз баасын берип, жыйынтыгын элге жеткириши зарыл» деп кошумчалады.

Бирикме иликтөөлөр бетин ачкан көрүнүштөргө байланышы бар тараптар жөн туруп беришпейт, ошондуктан расмий бийлик журналисттердин коопсуздук маселесин колго алып, күч органдары тийиштүү чараларды көрүүсү зарыл деп эсептейт.

«Иликтөө багытын башкалар да колго алып, коомчулук ага колдоо көрсөтсө коомубуздагы терс көрүнүштөр азаят» деп билдирди «Журналисттер» бирикмеси.

Үч уюм жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөөнүн жарыяланышына байланыштуу коомдо кызуу талкуу жаралууда.

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы өттү. (RK)

XS
SM
MD
LG