Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:57

Милиция: Бишкектеги митингге 400дөн ашуун адам катышты


Митингдин катышуучулары.
Митингдин катышуучулары.

Бишкекте 25-ноябрдагы тынчтык митингине 400дөн ашуун адам чыкканын, мыйзам бузулбаганын шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Уюштуруучулар эки минден көп киши келгенин маалымдашкан. Иш-чарага байкоо жүргүзгөн «Кылым шамы» укук коргоо уюму акцияда 2200 адам болгонун жарыялаган.

Factcheck.kg басылмасы болсо заманбап технологиянын жардамы менен кишилердин санын аныктап, 1251 адам чыкканын жазды. 

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жарандык активисттер коррупцияга каршы «#REакция» деп аталган митинг уюштурушкан.

Бир сааттан ашык убакытка созулган иш-чаранын катышуучулары бийликтен коррупция менен күрөшүүнү, жемкорлорду камоону талап кылышты. (SE)

 

XS
SM
MD
LG