Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:28

Текебаевдин сотунда Отунбаева көрсөтмө берди


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.

Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишинин алкагында экс-президент Роза Отунбаева көрсөтмө берди.

Отунбаева 2010-жылдын 12-13-майында 7-апрелде каза болгондордун 40 күндүгү өтүп, өлкөдө маанилүү күндөрдүн бири болгонун айтты. Ал күнү Отунбаева каза болгондордун ата-энеси менен жолугушкан. Ал Ош менен Жалал-Абадда жагдай курчуп тургандыктан 12-майда өкмөттүн имаратында чогулушуп, атайын тапшырма менен Дүйшөнкул Чотонов Ошко учуп кеткенин айтып берди. «Демек, 12-13-май күндөрү Текебаев менен Чотонов «Супара» тамактануучу жайында болушу мүмкүн эмес эле» деп ырастады экс-президент.

Учурда Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралып жатат.

12-ноябрда 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү көрсөтмө берип, баары тең аларга коюлган айып негизсиз экенин билдиришкен.

Жогорку сот быйыл 21-августта ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Азыр алар үй камагында.

Алар «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Айыптоочу тарап окуя 2010-жылдын 13-майында Бишкектин четиндеги «Супара» ресторанында болгонун жүйө келтирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG