Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

«Апрель» каналына эфирге чыгууга кайра уруксат берилген жок


Аскер прокуратурасы «Апрель» телеканалынын эфирге чыгышына тыюу салды. Бул тууралуу каналдын сайтында маалымдалып, тергөө тобунун башчысынын «Санариптик технологиялар» коомунун жетекчиси Кубат Оторбаевге жазган каты жарыяланды. «Апрель» каналы аталган коомдун курамына кирет. Азырынча ал уюмдан жана прокуратурадан комментарий алганга мүмкүн болгон жок.

«Апрель» телеканалы бир нече оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектүү катары камалган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык. 9-августта Ички иштер министрлиги соттун чечими менен каналдын мүлкүн камакка койгон. Бул аракетти бир катар медиа уюмдар сөз эркиндигине басым катары баалашкан.

Каналдын юристтери бул аракетти мыйзамсыз деп таануу тууралуу өтүнүч менен Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылышкан, бирок ал канааттандырылган эмес. «Апрель» каналы интернет-телеканал катары сайтта жана социалдык тармактарда иштеп келатат.

21-ноябрда каналдын эфирине уруксат берген чечим «Санариптик технологиялар» коомунун мүчөлөрүнүн жалпы жыйынында кабыл алынганы, 26-ноябрдан обого чыгары кабарланган эле. Коомдун курамында «Апрелди» кошо санаганда 21 телеканал бар. (SE)

XS
SM
MD
LG