Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:25

Акаев: Аткезчиликти кан буугандай токтотуш керек (видео)


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Депутат Жанарбек Акаев «Азаттык» радиосунун «өлкөдөн чыгарылган 700 млн. доллар» жөнүндө айтылган иликтөөсүнө байланыштуу парламенттин жалпы жыйынында маселе көтөрүп, муну Жогорку Кеңеште талкууга алууга чакырды. Бул боюнча өкмөттүн маалыматтарына коомчулук ишенбей жатканын, натыйжада көчөгө нааразылык акциясына чыгып жатканын билдирди:

- 700 миллион доллар кимдин тушунда чыгарылып кеткени баарыбызга белгилүү. Атын аташыбыз керек, ал Атамбаевдин тушунда чыгарылган. Журналисттик иликтөөдө да 2017-жылга чейин деп көрсөтүлүп жатат. Макул, Атамбаев ошого күнөөлүү болсун, ал Хабибулла Абдыкадыр менен үйлөрдү курсун, анын учагында учсун, мечиттерди, резиденцияларды салдырсын - ал өзүнчө маселе. Атамбаев азыр түрмөдө. Бирок азыр эмне болуп жатат, азыр аткезчилик токтоп калдыбы? Биз - Кыргызстандагы эң жогорку орган Жогорку Кеңеш - ушул жерде талкуулап, чечим чыгарышыбыз керек. Болбосо демилге көчөгө чыгып жатат, эртең жазда жаштар мындан он эсе көп чыгат. Аткезчиликти кан буугандай токтотушубуз керек. КамАЗдардан ар биринен 4600 доллардан алып жатышат. Аскар Акаевдин убагындагы «капчык» Муратбек Малабаевден баштап, азыркы Райымбек Матраимов, Адамкул Жунусов, түрмөдөгү Кубанычбек Кулматовдон баштап баарын чакыралы.

Мунун алдында башка бир депутат Ирина Карамушкина Түркияда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү, өлкөдөн чыгарылган миллиондор, аткезчилик маселеси боюнча башкы прокурордун маалыматын угууну сунуш кылган. Карамушкина бул күмөндүү жагдайлар президентке импичмент жарыялоо маселесине алып келерин айтты.

Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен киши колдуу болуп атып өлтүрүлгөн. Түркияда аны өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалды.

«Азаттыктын» ушул жылдын май айындагы жарык көргөн иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон. Иликтөөнүн экинчи бөлүгү 21-ноябрда жарыяланып, анда бул маалыматтарды Саймаити өзү журналисттерге бергени маалымдалган. Бул акча чыгарууга Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун байланышы белгиленген.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) башчысы Бакир Таиров болсо 26-ноябрда парламенттин эки комитетинин кошмо жыйынында өлкөдөн чыгарылган сумма 932 миллион 736 миң доллар болгону такталганын жарыялады. (ErN)

XS
SM
MD
LG