Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 04:23

Мурдагы башкы консул Эркин Сопоков кармалды


Эркин Сопоков.

Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов ал 28-ноябрда суракка чакырылып, камакка алынганын билдирди.

Сопоков Стамбулда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу колго түшкөн.

Мурда Кыргызстанда ишкерлик менен алектенген Саймаитини 10-ноябрда кафеде отурган маалда белгисиз киши атып кеткен. Ал өлтүрүлгөн жерде токтоп турган «Range Rover» үлгүсүндөгү жолтандабас Эркин Сопоковго таандык экени, автоунаага тагылган дипломатиялык номер консулдуктун каттоосунда болгону ачыкка чыккан. 11-ноябрда Сопоков кызматтан бошотулган.

УКМК Сопоковдун кармалышы "Азаттык" радиосу жана "Kloop" сайты жарыялаган коррупция тууралуу иликтөөгө байланышы бар экенин да белгиледи. Ошондой эле Сопоковдун үстүнөн Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу", "Мыйзамсыз баюу" өңдүү бир катар беренелер боюнча да иликтөө жүргүзүүдө. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (20)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG