Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

ЖЭБ соту: Исаков бардык айыпталуучуларды бошотууну суранды


Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов. "Азаттыктын" коллажы.
Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов. "Азаттыктын" коллажы.

Бүгүн, 3-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттук ишти кароо уланып жатат.

Жараянда айыпталуучулардын бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жарыш сөзгө чыгып, судьядан аны жана бул иште шек саналып жаткан бардык адамдарды бошотууну суранды.

- Бул иште кылмыштын курамы жок болгондуктан мени гана эмес, бардык айыпталуучуларды да бошотууну суранам. Болбоду дегенде мени камап, калганын чыгаргыла. Анткени негизги максат мени камоо. Мени камаш үчүн башкаларды да камакка алышты. Андан тышкары автоунаамды калтырып коюуну өтүнөм. Себеби менин төрт кызым бар. Жубайым аларды бала бакчага ташыйт. Машине болбосо үй-бүлөм кыйналып калат, - деди Исаков.

Прокурорлор ЖЭБдеги коррупция боюнча ишке байланыштуу Сапар Исаковду 15 жылга, Айбек Калиевди 17 жылга, Жантөрө Сатыбалдиевди, Салайдин Авазовду, Жолдошбек Назаровду, Темирлан Бримкуловду 11 жыл 3 айга, Ольга Лаврованы 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну суранып жатышат. Айыптоочулар Осмонбек Артыкбаевге 100 миллион сом айып пул салууну өтүнүшкөн.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Мурдагы эки премьер-министр, энергетиктер жана мурдагы финансы министри болуп баш-аягы сегиз мурдагы аткаминер «Коррупцияга» айыпталып жатат. Бул иш сотто ушул жылдын февраль айынан тарта карала баштаган. Айыпталуучулар коюлган айыпты толугу менен четке кагып келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG