Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Текебаев: Коррупцияга каршы кызматты жоюш керек


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдындагы Коррупцияга каршы кызмат жоюлушу керек экенин айтты. Бул тууралуу ал 3-декабрда өзүнүн «Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу» деген китебинин бет ачары учурунда билдирди.

- Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматк караштуу Антикоррупциялык кызмат бар – АКС. Бул Конституцияга да туура келбейт. Ал кызмат жоюулуп, түздөн-түз премьер-министрдин кармагына өтүш керек. Бул мыйзам биринчи кезекте өзгөртүлүшү зарыл, - деди Текебаев.

УКМКга караштуу Коррупцияга каршы кызматты түзүү тууралуу буйрукка мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2011-жылы 14-декабрда кол койгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков былтыр февраль айындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында Коррупцияга каршы кызматтын форматын өзгөртүш керек экенин, бул кызмат милдетин аткарбай жатканын айтып, анын өкүлдөрүн «кол тийбес кастага айланды» деп сындаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG