Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы жыйынында депутат Таабалды Тиллаев өкмөттөн «Азаттык» жарыялаган иликтөөдө айтылган 700 млн. доллардын мамлекетке тиешеси бар-жогун тактап сурады.
Бул суроого вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жооп берди:
- 700 млн. доллардын мамлекетке, бюджетке тиешеси жок. Муну Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) иликтеген.
Ал эми Финполдун төрагасы Бакир Таиров бул каражат соодагерлердин акчасы болгонун айтты:
- «Азаттыкта» айтылган 700 млн. доллар боюнча биз 2011-2017-жылдардагы 17 банктагы документтерди көтөрүп чыктык. Бизде расмий документтер бар. Аларга ылайык 932 млн. 736 миң 365 доллар чыкты. Анда бюджеттин акчасы жок. Бул соодагерлердин товарынын акчасы. Биз банктардан ар бир которулган санды алып көрдүк. Акча товарлар, текстил, курулуш материалдары үчүн контракт аркылуу которулган. Бул соодагерлердин товар жүгүртүүсү.
Быйыл 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.
Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан. «Азаттыктын» ал иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат кытайлык ишкер Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.
Ал миллиондордун басымдуу бөлүгү Хабибулла Абдукадыр аттуу адамга, жакындарына жана алардын компанияларына которулган. Анын ичинде кеминде 50 млн. доллар жер алуу үчүн Дубайга которулганын иликтөө так аныктаган.
Абдукадыр менен Финполдун жетекчиси Таировдун жакын туугандары 2014-жылдан бери бизнес-өнөктөш - Чаткалдагы сурьма кенин бирге иштетүүдө. (BTo)