Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:29

Казакбаев: Феминналеге каршы маанай радикал мүнөздө болду (видео)


Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

Бишкекте аялдардын укугуна арналган феминнале көргөзмөсүнө каршы чыккандардын маанайы радикал мүнөзгө өтүп кеткенин Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев «Азаттык» радиосуна билдирди:

- «Бир топ кыргыз жигиттери барып, маданият министрин коркутуп-үркүтүштү» деп жатышат. «Көргөзмөнү жаап, талкалайбыз» деп, «музейдин кызматкерлерин коркутушту» дешти. Бул радикал кадам болбой, эмне? Укук коргоо органдары муну карашы керек. Ошого туруштук бере албай, Гапар Айтиев атындагы музейдин директорун бошотуп жибериши - маданият министринин кемчилиги деп ойлойм.

Казакбаевдин сөзүнө караганда, экс-президент Роза Отунбаеванын маданиятты көтөрүүгө үндөгөн сөзүн айрымдар «айылдыктарга каршы сүйлөдү» деп бурмалап жиберген.

Бишкекте Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде 27-ноябрда аялдардын укугун жактага 17 күндүк «Феминнале» иш-чарасы башталган. Анда денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял дароо социалдык тармактарда талкууга түшүп, «нарк-насилге доо кетирди» деп сындагандар көбөйгөн. Андан тышкары, ич кийим элесиндеги экспонатка нааразылык айтылган.

Мындан улам, 2-декабрда көргөзмөдөгү айрым экспонаттар алынып, музейдин директору Мира Жангарачева кызматкерлердин коопсуздугунан улам деп, иштен кетүүгө арыз жазган. Ага маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койгон.

Министрлик искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын болушун сындаган билдирүү тараткан.

Отунбаева 3-декабрда Бишкекте саясатчы Өмүрбек Текебаевге арналган китептин бет ачарында сүйлөп жатып, музейдеги көргөзмөдөн чыккан талашка токтолуп, ага каршы чыккандарды сындап, айыл деңгээлинен көтөрүлүп, маданияттуу болууга чакырган. Бул сөзү коомчулукта талкууга жем таштап, сын-пикирлер айтылууда. Отунбаева BBC радиосуна интервью берип, элеттиктердин дарегине сын айтпаганын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG