Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:26

БУУ ноябрдагы митингдер боюнча Иранды айыптады


Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча агенттигинин башчысы Мишел Бачелет
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча агенттигинин башчысы Мишел Бачелет

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет Ирандын тартип коргоо органдарын демонстранттарга "аёосуз күч" колдонду деп айыптады. Ал ноябрь айында Ирандын бир катар аймактарында өткөн нааразылык акцияларында коопсуздук күчтөрү митингчилерди "өлтүрүү үчүн ок атканын" 6-декабрда айтты. Тегерандагы тоз-тополоңдо, кагылышууда өлгөн жана камалгандар боюнча ачык маалымат берүүгө үндөдү.

5-декабрда Кошмо Штаттарынын Иран боюнча кеңешчиси Брайан Хук Иранда бийликке каршы нааразылык акциялары башталгандан бери миңден ашуун адам каза табышы мүмкүн экенин айткан. Ал бир гана Ношахр шаарынан жөнөтүлгөн видеодо Ирандын аскер күчтөрү жүздөй адамды атканы тартылып калганын белгилеген.

Тегеран расмий нааразылык акцияларынын жүрүшүндө бир нече адам гана каза тапканын ырастап, 180дей адам кармалганын маалымдаган. Бирок мерт болгондордун расмий тизмесин жарыялай элек. Иран бийлиги бул митингдер боюнча "сырткы күчтөргө" доомат артып келет.

XS
SM
MD
LG