Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:20

Атамбаевди колдогон КСДП Бишкек ЖЭБи боюнча чечимди сындады


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жетектеген Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча чыккан сот чечими тууралуу билдирүү таратты. Анда алар Свердлов райондук сотунун чечимин адилетсиз жана саясий деп аташкан.

“Бул адилеттүү сот эмес, ага пародия болду. Сот соттолуучулардын мыйзамсыз байыганы, алардын аракеттеринде кылмыштуу аракетти аныктабай туруп Исаков, Калиев жана Сатыбалдиевди “коррупция” үчүн соттоду. Бул чечим мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы саясий күрөштүн бир бөлүгү” - деп жазылган кайрылууда.

Атамбаевдин тарапкерлери мындай басымды Райымбек Матраимовдун мыйзамсыз аракеттерин ачык айтып чыкканы үчүн "өч алуу" деп да аташкан.

Юстиция министрлиги буга чейин Кыргызстан Социал-демократиялык партиясын кайрадан каттоодон өткөрүп, анын лидери катары “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын башчысы Сагынбек Абдрахмановду тааныган. Бирок мурдагы президент жана анын тарапкерлери бул чечимди "мыйзамсыз" деп атап келишет.

Бишкектин Свердлов райондук соту тогуз айлык териштирүүдөн кийин Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу чечимди 6-декабрда кечинде чыгарды. Ага ылайык, мурдагы премьер Сапар Исаков жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кесилди.

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 ай, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга кесилди.

Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго коюлган «Коррупция» беренеси алмашылып, «шек саноо жөнүндө кабарлама берген эмес» деген негиз менен ар бири 2 жыл 6 айга кесилди. Алар бул жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан зот залынан бошотулду. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 5 миллион сом айып төлөй турган болду. Сот мурдагы финансы министри Ольга Лаврованы да «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп таап, 3 млн. сом айыпка жыкты жана абакка кескен жок.(BkA)

XS
SM
MD
LG