Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Мурдагы украин депутаты Орусияда соттолду


Микола Рудковский.
Микола Рудковский.

Украиналык мурдагы депутат жана транспорт министри Микола Рудковский 2014-жылы Орусиянын Киевдеги элчилигине чабуул коюуга күнөөлүү деп табылып, эки жылга эркинен ажыратылды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Москва шаардык соту Рудковскийди «белгисиз адамдар менен кошо Украинадагы Орусиянын элчилигине чабуул койгону үчүн» соттогон.

Маалыматтарга ылайык мурдагы украин министри 2018-жылдын сентябрь айында Орусиянын аймагында кармалган.

Украиналык активисттер «жасалма кылмыш иштерин козгоп жатат» деп орус бийлигин айыптап келет.

Орусия 2014-жылы Украинадагы Евромайдан окуяларынан кийинки бийлик алмашуудан көп өтпөй Крым жарым аралын аннексиялаган. Орусиянын бул аракети БУУнун 100дөн ашык өлкөсүнүн кескин сынына кабылып, Батыш мамлекеттери Москвага санкция киргизишкен. Ошондон тартып Крымдын макамы Орусиянын Украина жана Батыш менен мамилесиндеги эң талаштуу маселе бойдон калып келет.

Кремль бардык дооматтарды жокко чыгарып, 2014-жылы Крым боюнча чечимди ошол жерде жашаган эл референдум аркылуу кабыл алган деген жүйөнү карманат.

XS
SM
MD
LG