Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Жээнчороев: Журналистке каршы буюртма чечим чыгарган сотторду иштен алууну талап кылышыбыз керек


Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

Жогорку Кеңештин «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев үч маалымат каражатына карата сот чечимин алардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу катары баалады.

Депутаттын пикиринде, экинчи инстанцияга кайрылып, банктык эсептерди камактан чыгаруу зарыл.

Себеби, Жээнчороев белгилегендей, сөз эркиндиги - Конституция кепилдик берген укук, ал эми соттун чечими күчүнө кирсе маалымат каражаттары өзүнүн күнүмдүк ишин жүргүзө албай калат жана алардын эркиндиги чектелет.

- Журналисттин ишине тоскоолдук кылуу – бул сөз эркиндигине карата сот адилетсиздиги. Бул бузууну биз да изилдейбиз. Эгер керек болсо журналисттер, биз баарыбыз тартип комиссиясына кайрылып, адилетсиз, буюртма чечим чыгарган соттордун кызматтан алынышын талап кылышыбыз керек.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду. Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө өтүнүч келтирилген. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду.

Соттон келген аныктамага ылайык, арыз төмөнкүлөрдүн атынан жазылган:

Искендер Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты;

Райымбек Матраимов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары;

Минавар Жумаева, Искендер Матраимовдун аялы;

Уулкан Тургунова, Райымбек Матраимовдун аялы;

«Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фонду.

Доонун суммасы:

«Азаттык Медиа» мекемесине – 22,5 миллион сом;

Журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом;

24.kg маалымат агенттигине – 15 миллион сом;

«Клооп Медиа» коомдук фондуна – 12,5 миллион сом.

Соттун аныктамасы 10-декабрда чыгып, Кыргызстандагы бардык банктарга жиберилген. «Азаттык Медианы» тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктады.

Соттун аныктамасында Матраимовдордун арызы эмнеге байланыштуу экени так көрсөтүлгөн эмес. Мурдараак Райымбек Матраимов журналисттер аткезчиликке байланыштуу чыгарган иликтөөлөргө байланыштуу сотко кайрыларын билдирген болчу.

Быйыл 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөө жарыяланган.(RK)

XS
SM
MD
LG