Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Свердлов райондук соту Матраимовдордун арызына түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Матраимовдордун үч маалымат каражатына карата доо арызына байланыштуу түшүндүрмө берди.

Анда Жарандык-процессуалдык кодекстин 145-беренесинде «Доону камсыз кылуу жөнүндөгү арызды сот ал сотко келип түшкөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, жоопкерге жана ишке катышкан башка жактарга кабарлабастан карайт. Доону камсыздоо жөнүндө арызды кароо – сумманы өндүрүү талабы коюлган бардык арыздар боюнча кадимки норма. Арыз иш сотко келип түшкөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен каралып чыгууга тийиш» деп жазылганы айтылат.

Бул жерде сот жоопкер тараптардын эсебиндеги бардык акчаны эмес, доогер талап кылган сумманын чегиндегисин гана камакка алуу тууралуу кеп болуп жатканы белгиленди.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду. Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө өтүнүч келтирилген. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду.

Соттон келген аныктамага ылайык, арыз төмөнкүлөрдүн атынан жазылган:

Искендер Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты;

Райымбек Матраимов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары;

Минавар Жумаева, Искендер Матраимовдун аялы;

Уулкан Тургунова, Райымбек Матраимовдун аялы;

«Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фонду.

Доонун суммасы:

«Азаттык Медиа» мекемесине – 22,5 миллион сом;

Журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом;

24.kg маалымат агенттигине – 15 миллион сом;

«Клооп Медиа» коомдук фондуна – 12,5 миллион сом.

Соттун аныктамасы 10-декабрда чыгып, Кыргызстандагы бардык банктарга жиберилген. «Азаттык Медианы» тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктады.

Соттун аныктамасында Матраимовдордун арызы эмнеге байланыштуу экени так көрсөтүлгөн эмес. Мурдараак Райымбек Матраимов журналисттер аткезчиликке байланыштуу чыгарган иликтөөлөргө байланыштуу сотко кайрыларын билдирген болчу.

Быйыл 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөө жарыяланган.(RK)

XS
SM
MD
LG