Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Матраимовдордун иликтөөдөгү маалыматтарды таратууга тыюу салуу боюнча арызы жарыяланды


Искендер Матраимов (солдо) жана Райымбек Матраимов.
Искендер Матраимов (солдо) жана Райымбек Матраимов.

«Kloop» маалымат агенттиги Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн юристтери журналисттик иликтөөлөр боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотуна жазган арызын жарыялады.

Анда алар «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Матраимовдор тууралуу айтылган маалыматтарды жайылтууга тыюу салууну өтүнүшкөн.

11-декабрда берилген өтүнүчтө иликтөөдө Матраимовдун аты аталган маалыматтар боюнча 15 тизме түзүлгөн жана соттон аларды жайылтууга тыюу салууну суранышкан.

Ал тизмеде ушул жылдын май айында чыккан «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» жана 21-ноябрда жарыяланган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөөдө Матраимовдор тууралуу айтылган маалыматтар бар.

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн юристтери кайра 13-декабрь күнү эртең менен алар арызды кайтарып алуу боюнча сотко өтүнүч беришкен.

9-декабрда бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. «Азаттык» радиосун тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктаган.

Матраимовдор 13-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотуна жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген кызматкерлер айлык ала албай калат деген негизди 13-декабрда үч медианын жана Али Токтакуновдун банк эсептерин камактан чыгарууну суранып, аны райондук соттун судьясы Жылдыз Ибраимова канааттандырды. (BTo)

XS
SM
MD
LG