Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:20

Депутаттар АКШнын Өкүлдөр палатасынын билдирүүсүн сындап чыгышты


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов жана аталган комитеттин мүчөлөрү Үмбөталы Кыдыралиев, Бектен Сыдыгалиев АКШнын Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин акыркы билдирүүсүн сынга алышты.

Депутаттар Эл аралык иштер боюнча комитеттин 17-декабрдагы жыйынында Кыргызстанда демократия жана сөз эркиндиги корголуп жатканын айтып, АКШнын Өкүлдөр палатасынын билдирүүсүн өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары баалашты.

- Мен АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрүнүн билдирүүсүн окуп таң калдым. Кыргызстан сөз эркиндигин жана демократиялык баалуулуктарды сактоо боюнча аймакта эң жогорку деңгээлде, - деди Үмбөталы Кыдыралиев.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 15-декабрда Өкүлдөр палатасынын билдирүүсүн эгемендүү өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү аракети жана Кыргызстандын сот бийлигине басым кылуу катары баалап жооп кайтарган.

АКШнын Өкүлдөр палатасы 13-декабрда «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын кыргыз кызматынын айланасындагы жагдайга байланыштуу камтамачылык билдирип, «эркин басма сөздү коркутуу жана ооздуктоо - бул негизги эркиндикке чабуул болуп саналарын» эскерткен.

Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианын үстүнөн сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Буга Кыргызстандан чыгарылып кеткен жүз миллиондогон долларлар тууралуу «Азаттык» радиосунун, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу чыгарган иликтөөлөрдө айтылган маалыматтар негиз болгон. Иликтөөлөрдү «24.kg» басылмасы да өз баракчасына жайгаштырган.

Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. Ушул эле соттук мекеменин судьясы Жылдыз Ибраимова 13-декабрда кайра Матраимовдордун адвокаттарынын арызы менен эсептерди камактан чыгарган. (BTo/BkA)

XS
SM
MD
LG