Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 16:06

Бекешев: Сайттарга жасалган хакердик чабуул - кылмыш (видео)


Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Матраимовдордун туугандары боюнча иликтөө чыгарган Factcheck.kg сайтына жана иликтөөнү кайра баскан сайттарга жасалган хакердик чабуулду күч түзүмдөрү иликтеши керектигин айтты.

Ал парламенттин 19-декабрдагы жыйынында сүйлөп жатып сайттарга жасалган DDoS-чабуул Жазык кодексинин «Компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк», «Зыян келтирүүчү компьютердик программаларды түзүү», «Компьютердик саботаж» беренелеринин негизинде кылмыш деп эсептелерин билдирди.

- Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги бул окуяны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, керек болсо башка өлкөлөргө кайрылышы керек. Ушул эле маселе боюнча тийиштүү комитетке протоколдук тапшырма берели, - деди Бекешев.

Factcheck.kg Матраимовдордун туугандары боюнча иликтөө чыгаргандан кийин эки саат өткөн соң хакердик чабуулга кабылып, сайттын иштешинде маселе жаралды. Сайттын редактору Болот Темиров серверге 16 мамлекеттен чабуул болгонун, анын басымдуусу Кыргызстандан, Кытайдан, Орусиядан Таиланддан жана Индонезиядан экенин айтты.

Иликтөөнү кайра баскан kaktus.media, economist.kg, pk.kg, vb.kg жана kloop.kg сайттарынын ишинде да кыйынчылык жаралды. Kloop басылмасы муну DDoS-чабуул экенин жазып, Кыргызстандын тарыхында бир канча басылма бир убакта мындай чабуулга биринчи жолу кабылганын билдирди.

DDoS-чабуул бул - сайтты бузуу үчүн серверге бир эле учурда бир канча жол менен аракет кылуу.

Иликтөө макалада Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын жана уулунун кымбат сааттары, кийим-кече, асем жасалгалары жана автоунаасы тууралуу маалыматтар камтылган.

Анда Матраимовдун үй-бүлө мүчөлөрү 2015-2017-жылдары социалдык сайттарга чыгарган сүрөттөрүндөгү буюмдарынын баасы такталып, иликтөөчүлөр алардын жалпы суммасы 24 миллион сомдон кем эмес турат деп баалашкан.

Ошол эле маалда Райымбек Матраимовдун 2015-2016-жылкы декларацияларындагы кирешеси да, чыгашасы да бул суммага жетпейт. Эки жылда Матраимовдун үй-бүлөсү 15,6 млн. сом тапканын гана көрсөткөн.

Чабуулга кабылган сайттар муну ушул макаладан кийин атайын жасалган деп божомолдошууда. Матраимовдордун үй-бүлөсү буга комментарий бере элек. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG