Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов "Kaktus media" маалымат агенттигин «чындыкка дал келбеген кабар жарыялады» деген негиз менен сотко берет. Бул тууралуу ал 19-декабрда Мамкаттоонун ишмердиги боюнча басма сөз жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.
- Жаңылыкты чыгарардан мурда жок дегенде мени, орун басарымды жана сүрөттөгү кишилерди бир карап коюш керек болчу. Дароо эле айтып коёюн, биз "Kaktus media" менен соттошобуз. Азыр башка да жалпыга маалымдоо каражаттарын карап жатабыз. Бул Мамлекеттик каттоо кызматы менен сайттын ортосундагы сот эмес, биз жеке жак катары соттошобуз, - деди Мамбетов.
Декабрь айынын башында Интернетте 01 578 ASD деген окшош номур тагылган беш түрдүү машиненин видеокөзөмөл камераларына түшүп калган сүрөттөрү тараган. Алардын бири 1-декабрда жол эрежесин бузуучу катары тартылган.
Kaktus media сайты 4-декабрда «редакциянын булактары ал машинени айдап бараткан адам Мамкаттоонун төрагасы Алмаз Мамбетов экенин айтып жатышат. Ал эми жанында отурган келинди анын орун басары Айнура Туйбаева деп таанышты» деп жазган. Буга чейин "Kaktus media" ресурсунун башкы редактору Дина Маслова ал жерде Мамбетов деп так жазылбаганын, анын аты-жөнү божомол иретинде гана келтирилгенин айткан.
Ички иштер министрлиги бул сүрөттөрдүн таратылышы боюнча Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын «Коопсуз шаар» долбоорундагы мониторинг борборуна карата ички иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шек саналып бир кызматкер камакка алынган.
Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов бул ишти иликтөөнү өтүнүп Ички иштер министрлигине арыз жазган. (BTo)