Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:10

Егор Скобеев тергөө менен кызматташууга барды


Егор Скобеев буга чейинки өкмөттүн расмий басма сөз жыйындарында.
Егор Скобеев буга чейинки өкмөттүн расмий басма сөз жыйындарында.

Өкмөттүн талдоо жана болжолдоо секторунун убактылуу кызматтан четтетилген жетекчиси Егор Скобеев тергөө менен кызматташууга барды. Бул маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук соту ырастады.

Ага козголгон кылмыш ишинин мазмуну тууралуу эч нерсе айтыла элек. Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары Скобеев Аскер прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козгогон кылмыш иштин алкагында коррупцияга байланыштуу шек саналып жатканын жазышкан. Айрым сайттар ал Атамбаевдин орусиялык жарандарга курал белек кылганы боюнча иште шектүү катары өтүп жатканын жарыялашкан.

Скобеев ушул жылдын 21-сентябрында кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган.

Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка караганда, Егор Скобеев эмгек жолун 1995-жылы ички иштер органдарында баштаган. 2016-2018-жылдары Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү комитетинде консультант болуп иштеген. (BTo)

XS
SM
MD
LG